«ЭЭМДИН АРХИТЕКТУРАСЫ» ЭЛЕКТРОНДУК ОКУУ КИТЕБИН ОКУУ ПРОЦЕССИНДЕ КОЛДОНУУ
Авторы: Турарбекова Назгул Турарбековна , Бузурманкулова Айгуль Абдыжалиловна
Тип документа: Статья
Год издания: 2024
Ключевые слова: ЭЛЕКТРОННЫЙ УЧЕБНИК, ELECTRONIC TEXTBOOK, ПРОЦЕСС ОБУЧЕНИЯ, LEARNING PROCESS, ИНФОРМАЦИОННЫЕ ТЕХНОЛОГИИ, INFORMATION TECHNOLOGY, АРХИТЕКТУРА КОМПЬЮТЕРА, COMPUTER ARCHITECTURE, РАБОЧАЯ ПРОГРАММА, WORKING PROGRAM
https://www.elibrary.ru/item.asp?id=80369346
Аннотация
Макалада «Компьютер архитектурасы» электрондук окуу китебин окуу процессинде колдонуунун натыйжалуулугу каралат. Автор салттуу лекциялардан айырмаланып, электрондук окуу материалдары билимдин булагы гана эмес, студенттердин окуу материалын өздөштүрүү деңгээлин текшерүүчү курал катары да кызмат кылат деп баса белгилеген. Электрондук окуу китебин колдонуу дисциплинага болгон кызыгууну арттырууга жардам берет, окуу мотивациясын жакшыртат жана өз алдынча иштөө көндүмдөрүн өстүрөт. Электрондук окуу куралында структураланган теориялык материалдар, практикалык тапшырмалар жана өз алдынча текшерүүлөр берилген, бул студенттерге жаңы билимдерди гана эмес, мурда үйрөнгөндөрүн системалаштырууга да мүмкүндүк берет. Мисал катары «Компьютер архитектурасы» дисциплинасын алсак болот, мында электрондук окуу куралы татаал түшүнүктөрдү визуалдаштырууга жардам берет жана интерактивдүүлүктү камсыз кылат. Автор электрондук окуу китептеринин негизги артыкчылыктарын белгилейт: жеткиликтүүлүгү, көп жолу колдонулушу, окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрүнө ыңгайлашуу жана салттуу окутуу системасы менен интеграция. Бул аларды окуу процессинин сапатын жогорулатуунун маанилуу куралына айландырууда
📄 Полный текст
📥 Скачать PDFИнформация
-
Добавлено:
11.12.2025 05:56 -
Последнее обновление:
(система не ведет историю)