ЭЛЕКТРОНДУК ОКУУ МАТЕРИАЛЫ ЖАНА АНЫН ОКУУ ПРОЦЕСИНДЕГИ ОРДУ
Авторы: Турарбекова Назгул Турарбековна , Бузурманкулова Айгуль Абдыжалиловна
Тип документа: Статья
Год издания: 2024
Ключевые слова: АУДИО, ВИДЕО, ФРАГМЕНТ, ПРОЕКТОР, ИЛЛЮСТРАЦИЯ, СҮРӨТ, ТАБЛИЦА, ВИДЕОСЮЖЕТ, ГИПЕРТЕКСТ
https://www.elibrary.ru/item.asp?id=69165250
Аннотация
Бул макалада электрондук окуу материалы, анын окуу процессиндеги ордун так элестетүү деген маанилүү методологиялык принциптин негизи каралып чыккан. Электрондук окуу материалын иштеп чыгуу азыркы коомдо эсептеп чыгаруучу техниканын мультимедиялык жана коммуникативдик мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга негизделет. Интерактивдүүлүктүн жогорку баскычына жетүүгө окутуу процессинин катышуучуларынын өз ара диалогтук аракетешүүсүн колдонуу аркылуу гана мүмкүн. Бул процесстин активдүү элементи болуп, электрондук окуунун диалогтук түрүндөгүсү эсептелет. Электрондук окуу материалында лекциялар, практикалык жана лабораториялык иштер, аттестациялар жана башка материалдар болушу керек. Ошол эле учурда окуу иштеринин көлөмүн жогорулатпай тескерисинче, окуу иштери төмөндөтүлүп, ал эми окутуунун сапатын жакшыртуусу зарыл башкача айтканда биз түзгөн электрондук окуу материалы эки маанилүү маселени чечип бере алат. Алар окуунун окуу материалын эффективдүү өздөштүрүүсүн камсыз кылуу жана мугалимдин эмгегин жеңилдетүү болуп саналат.
📄 Полный текст
📥 Скачать PDFИнформация
-
Добавлено:
11.12.2025 05:54 -
Последнее обновление:
(система не ведет историю)