КИЧИНЕ ПАРАМЕТРДИ КАРМАГАН ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ТЕӉДЕМЕЛЕРДИН СИСТЕМАСЫ ҮЧҮН ЧЕКТИК МАСЕЛЕНИН ЧЫГАРЫЛЫШЫНЫН КИЧИНЕ ПАРАМЕТРГЕ КАРАТА АСИМПТОТИКАЛЫК КАТАРГА АЖЫРАЛЫШЫ

Авторы: Алымбаев Асангул Темиркулович

Тип документа: Статья

Год издания: 2024

Ключевые слова: ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ТЕӊДЕМЕЛЕРДИН СИСТЕМАСЫ, КИЧИНЕ ПАРАМЕТР, ЧЕКТИК МАСЕЛЕ, АСИМПТОТИКАЛЫК АЖЫРАЛЫШ, КАТАНЫ БААЛОО, ИНТЕГРАЛДЫК ТЕӊДЕМЕЛЕР МЕТОДУ

Библиографическая ссылка:
https://www.elibrary.ru/item.asp?id=79723092
Аннотация

Чектик маселелер дифференциалдык теӊдемелердин жалпы теориясынын маанилүү разделдеринин бири болуп, илим жана техниканын көптөгөн маселелерин изилдөөдө кездешет. Чектик маселе Коши маселесинен айырмаланып, дифференциалдык теӊдеменин чыгарылышы, чектик шартты жалгыз чекитте эмес, чектик шарттын бир канча чекиттеги маанилерин канагаттандырышы керек. Азыркы мезгилде чектик маселелердин чыгарылыштарын тургузуунун сандык, аналитикалык, сан-аналитикалык жана асимптотикалык ыкмалары иштелип, кеӊири колдонула баштады. Мындай ыкмалардын бири, А.Пуанкаре тарабынан иштелип чыккан кичине параметр методу жана анын ар түрдүү модификацияларын атасак болот. Кичине параметрлер ыкмасы, кичине параметрди кармаган дифференциалдык жана интегро-дифференциалдык теӊдемелер үчүн Коши жана чектик маселелеринин чыгарылыштарын изилдөөдөгү эффективдүү ыкмалардын бири. Макалада кичине параметрди кармаган дифференциалдык теӊдемелердин системасы үчүн чектик маселенин асимптотикалык чыгарылышын, чектик маселени интегралдык теӊдемелердин системасына келтирүү жолу менен тургузулат. Интегралдык теӊдеменин асимптотикалык чыгарылышы кичине параметрдин даражасына карата түзүлгөн катар түрүндө изделет. Так жана асимптотикалык чыгарылыштардын ортосундагы айырманын өлчөмүнүн чоӊдугу аныкталат.

📄 Полный текст
📥 Скачать PDF
Информация
  • Добавлено:
    11.12.2025 04:44
  • Последнее обновление:
    (система не ведет историю)