ЭКИНЧИ ТАРТИПТЕГИ ТУУНДУСУНА КАРАТА ЧЕЧИЛБЕГЕН ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ТЕҢДЕМЕ ҮЧҮН ЧЕКТИК МАСЕЛЕНИН ЧЫГАРЫЛЫШЫН КОЛЛОКАЦИЯ-АСИМПТОТИКАЛЫК МЕТОД МЕНЕН ТАБУУ
Авторы: Алымбаев Асангул Темиркулович
Тип документа: Статья
Год издания: 2024
Ключевые слова: ТУУНДУСУНА КАРАТА ЧЕЧИЛБЕГЕН ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ТЕҢДЕМЕ, КИЧИНЕ ПАРАМЕТР, КОЛЛОКАЦИЯ - АСИМПТОТИКАЛЫК МЕТОД
https://www.elibrary.ru/item.asp?id=68570909
Аннотация
Кадимки дифференциалдык теңдемелер үчүн чектик маселелер дифференциалдык теңдемелердин жалпы теориясынын бир бөлүмү болуп эсептелет. Чектик маселе Коши маселеден айырмаланып, дифференциалдык чыгарылышы чектик шарты жалгыз чекитте эмес, бир канча чекиттеги шартты канагаттандырышы керек. Көп кездешүүчү чектик маселелерге эки чекиттик чектик маселени атоого болот. Эки чекиттик маселенин чыгарылышы, маселе каралуучу интервалдын чектик чекиттеринде коюлган шартты канагаттандырышы зарыл. Мындан сырткары эки чектүү чектик маселенин жекече учуру, дифференциалдык теңдеменин теориясынын өтө маанилүү бөлүмү болгон, термелүү кыймылынын теориясын камтыйт. Макалада экинчи тартиптеги туундусуна карата чечилбеген кичине параметрди камтыган экинчи тартиптеги дифференциалдык теңдеме үчүн чектик маселенин чыгарылышын кичине параметрдин даражасына карата катар түрүндө ажыратуу маселеси каралат. Чектик маселенин чыгарылышы коллокация-асимптотикалык методун алгоритми алкылуу тургузулат. Чектик маселе үчүн сандык маселе каралып, анын кичине параметрге карата ажыратылыштын биринчи эки мүчөсү каралат.
📄 Полный текст
📥 Скачать PDFИнформация
-
Добавлено:
11.12.2025 04:44 -
Последнее обновление:
(система не ведет историю)
📚 Другие работы авторов
Алымбаев Асангул Темиркулович
9 работ(ы)