МАТЕМАТИКА ПРЕДМЕТИ БОЮНЧА ЭЛЕКТРОНДУК ОКУУ КИТЕБИН ИШТЕП ЧЫГУУ

Авторы: Керимов Улан Турсунбекович , Ачекеев Кадырбек Сталбекович

Тип документа: Статья

Год издания: 2025

Ключевые слова: BORLAND DELPHI, HTML, ЭЛЕКТРОНДУК ОКУУ КИТЕБИ, МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯ, ИНТЕРАКТИВДҮҮ, МАТЕМАТИКА, ПРОГРАММАЛОО

Библиографическая ссылка:
https://www.elibrary.ru/item.asp?id=82998533
Аннотация

Макала математика предмети боюнча электрондук окуу китебин иштеп чыгууга арналган. Электрондук окуу китебин түзүүнүн зарылдыгы азыркы технологиянын өнүгүүсүнө байланыштуу, электрондук окуу китептердин ар түрдүү түрлөрү каралган. Математика предмети боюнча электрондук окуу китебин иштеп чыгуу үчүн HTML жана Borland Delphi программалары колдонулган. Бул электрондук окуу китебинин негизги максаты студенттер өз алдынча математика предметтери боюнча окутууда оңой колдонуп, окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жардам берүү болуп саналат. Макалада ошондой эле HTML жана Borland Delphi программалык каражаттардын мүнөздөмөсү жана өзгөчөлүктөрү каралган. Электрондук окуу китебин артыкчылыгы биздин кадимки окутуу ыкмалары менен салыштырмалуу өзүнүн ынгайлуу шарттары менен өсүп келүүдө. Мындай окуу куралы окутуучулар үчүн дагы чоң жардамчы болуп, сабакты түшүндүрүүдө жана студенттердин билимин текшерүүдө заманбап ыкмаларды колдонуусуна шарт түзөт. Жыйынтыктап айтканда, электрондук окуу китептер заманбап билим берүү процессинде маанилүү ролду ойнойт жана алардын колдонулушу мындан ары да кеңейип, билим сапатынын жогорулашына түрткү берет.

📄 Полный текст
📥 Скачать PDF
Информация
  • Добавлено:
    11.12.2025 03:43
  • Последнее обновление:
    (система не ведет историю)