JAVASCRIPT ПРОГРАММАЛОО ТИЛИНДЕ «ЖЫЛАН» КОМПЬТЕРДИК ОЮНУН ИШТЕП ЧЫГУУ

Авторы: Анарбеков Табылды Райымбекович , Ачекеев Кадырбек Сталбекович

Тип документа: Статья

Год издания: 2025

Ключевые слова: JAVASCRIPT, CSS, БРАУЗЕР, ИШТЕП ЧЫГУУ, КОМПЬЮТЕРДИК ОЮН, АЛГОРИТМ, ДОЛБООРЛОО, ИЗИЛДОО, ИШКЕ АШЫРУУ, КИБЕРСПОРТ, ТЕХНОЛОГИЯ, ЖАНР, ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ

Библиографическая ссылка:
https://www.elibrary.ru/item.asp?id=82605255
Аннотация

Бул макалада JavaScript жана CSS (Cascading Style Sheets) колдонуу менен «Жылан» браузердик компьютердик оюн иштеп чыгуу процесси каралат. Долбоордун негизги максаты - мүмкүн болушунча көп тамак чогултуп, жыландын узундугун көбөйтүү жана упай топтоо. Оюнчу дубалдарга жана өзүнүн куйругуна тийүүдөн качып, оюнда мүмкүн болушунча узак убакыт кармалышы керек. Иштин алкагында оюн талаасынын графикасы, башкаруу механикасы жана негизги оюн шарттары ишке ашырылат. Оюн түзүүдө колдонулган негизги технологиялар каралып, алардын салыштырмалуу анализи жүргүзүлөт. Оюнду иштеп чыгуудан мурун платформаны тандоо этаптары жана анын кийинки байкоосу талкууланат. Мындан тышкары, макалада браузердик компьютердик оюндардын популярдуулугунун өсүү тенденциялары каралып, алардын аудиториясынын көбөйүшүнө таасир эткен факторлор, мисалы, жеткиликтүүлүк, колдонууга ыңгайлуулук жана веб-технологиялардын өнүгүшү талданат. Ошондой эле, мындай оюндарды түзүү этаптары кеңири баяндалып, инструменттерди жана технологияларды тандоодон баштап, оюн механикасын ишке ашыруу, тестирлөө жана ар кандай түзмөктөр менен браузерлер үчүн оптималдаштыруу процессине чейин камтылган.

📄 Полный текст
📥 Скачать PDF
Информация
  • Добавлено:
    11.12.2025 03:07
  • Последнее обновление:
    (система не ведет историю)